Биз менен байланышыңыз

«Мектеп жана бала бакчалар негизинен көмүр менен жылытылат»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 730 | 0

Бишкекте көмүр менен иштеген 22 откананын негизги бөлүгү мектеп жана бала бакчалардын короосунда жайгашкан. Кыштан чыгууга 3200 тонна көмүр керектелет. Учурда кампада 2 миң тонна кара алтын бар. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Байымбет Байгараев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

«Керектүү көмүрдүн баарын сатып алып сактоо үчүн кампабыз жок. Ошондуктан ар бир айга миң тоннадан бөлүп койгонбуз. Кара алтын боюнча маселе жок, алар убактысы менен жеткирилүүдө. Бардык отканалар иштеп жатат. Отканаларды газга өткөрүү планда бар. Биз кышка даярдангандай эле, жарандар да даярдык көрүшү зарыл», — дейт Байгараев.

Анын айтымында, көмүр менен иштеген отказандардын кубаттуулугу 250-400 кВт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM