Биз менен байланышыңыз

Байгараев: Бишкекте 66 откана иштеп жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Дек 2020 | 500 | 0

«Бишкек жылуулук энергия» коммуналдык ишканасында калааны жылуулук жана жылуу суу менен камсыз кылуу үчүн 66 откана иштеп жатат. Бул тууралуу аталган мекеменин башчысы Байымбет Байгараев «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, отканаларда ар кандай отундар, маселен, 22сине газ, 11ине электр, 22сине көмүр жагылат. Калганы газ менен да, көмүр менен да жылыйт. 3 жылдын ичинде отканаларды толугу менен газга өткөрүү планы коюлган. Негизги иштер 2021-жылдан тарта башталат.

«Экологияны жакшыртуу багытында 100 млн сомго планда каралган иштер жасалды. Апрелден тарта сентябрга чейин көрсөтүлгөн график боюнча оңдоп-түзөө иштери жүрдү. Отканага 2 жаңы отказан койдук. Жалдагы откананын 2 отказаны капиталдык оңдоп-түзөөдөн өттү. Экологиялык маселелерге байланыштуу көмүр менен иштеген откананы газга өткөрдүк. Газга өтүүнүн негизги маселеси: акча каражаты. Маселен, бир откананы газга өткөрүү үчүн 9 млн сом сарпталат», — дейт Байгараев.

Ал учурда «Бишкек жылуулук энергия» бардык керектөөчүлөргө жылуулук жана жылуу суу берип жатканын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM