Биз менен байланышыңыз

Баткенде абал тынчып, Ак-Сай – Ворух жолу ачылган

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 503 | 0

Баткендеги Тажикстан менен чектеш аймактарда абал тынч экенин өкмөттүн аталган облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Өкүлчүлүк Баткен облусунун Ак-Сай айылында чек аралаш аймактарындагы абал облус башчысынын жана күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө экендигин билдирди. Учурда Ак-Сай – Ворух жолу ачык.

16-декабрда кечки саат 20:00 чамасында Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундары Ак-Сай-Ворух жолун тосуп, аталган айылдан эки жылкы жоголгонун, жылкынын изи тажик айылы тарапка кеткендигин айтышып, малды табуу талабын коюшкан.

Баткен районунун акими Каланбек Маркаев бул окуя боюнча Тажикстандын Исфара районунун акими жана чогулган эл менен жолугушкан. Андан кийин чогулган эл тарап, тосулган жол ачылган.

Уурулук боюнча маалымат түшөрү менен Кыргызстан жана Тажикстандын ички иштер кызматкерлери биргеликте издөө иштерин баштаган.

Copyright © 2017 Maral FM