Биз менен байланышыңыз

Жоламан баштаган бир катар спортчулар Бишкекке келишти (сүрөт)

Кыска кабар , Спорт | 17 Дек 2020 | 1530 | 0

Бүгүн, 17-декабрда грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама команданын мүчөлөрү Бишкек шаарына учуп келишти. Аларды аэропорттон эл салтанат менен тосуп алышты.

Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Жоомарт Шамканов: «Бүтүндөй Кыргызстан сиздердин ийгилигиңиздер менен сыймыктанып турат, азаматсыздар! Сиздер даңк пьедесталына чыгып, өлкөнүн гимни ойногондо биз чексиз бакытка бөлөндүк. Мындай кубанычтуу эмоциялар үчүн сиздерге рахмат!», -деди.

Дүйнө кубогунун алкагында грек-рим күрөшү боюнча беттештер 10-16-декабрь күндөрү өттү.

Кыргызстандын курама командасы жалпысынан 3 медаль (1 алтын, 2 коло) утуп, Дүйнө кубогунда төртүнчү орунга ээ болду:

1-орун  – Жоламан Шаршенбеков,  60 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Калы Сулайманов, 63 кг чейинки салмактык категорияда;

3-орун – Руслан Царев, 72 кг чейинки салмактык категорияда.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө кубогунда кыз-келиндер арасындагы эркин күрөш боюнча да Кыргызстандын спортчулары ийгилик жаратууда. Айсулуу Тыныбекова жана Мээрим Жуманазарова чемпион болушту, ал эми Айпери Медет кызы коло медаль утту. Эркин күрөш боюнча мелдештер уланууда.

Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрүнүн ийгилиги

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM