Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын эркин күрөшчүлөрүнүн ийгилиги

Кыска кабар , Спорт | 17 Дек 2020 | 594 | 0

Сербиянын борбору Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө Кубогунун бешинчи күнүндө эркин күрөш боюнча Кыргызстандын балбандары килемге чыгышты.

57 кг салмак категориясында күрөшкөн Бекболот Мырзаназар уулу биринчи айлампада алжирлик Абдельхак Хербачени 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңип, 1/8 финалга чыккан. Жыйынтыгында дүйнө чемпиону орусиялык Заур Угуевге 9:0 эсебинде жеңилип калды. Бүгүн Заур Угуев финалга чыккандыгына байланыштуу Бекболотко коло байге үчүн күрөшүү мүмкүнчүлүгү берилди.

70 килограмм салмакта күрөшкөн Исламбек Орозбеков жарым финалдык беттеште түркиялык Хайдар Явузга 6:0 эсебинде жеңилип калган. Исламбек Орозбеков бүгүн коло байге үчүн күрөшөт.

74 килограмм салмакта күч сынашкан Саякбай Усупов биринчи атаандашы эстониялык балбан Аимар Андрусенди 8:1 эсебинде жеңип, турнирдин 1/8 баскычына жолдомо алган. Жарым финалда беларусиялык Азамат Нуриковго 3:4 эсебинде жеңилип калды.

125 кг салмакта катышкан кыргызстандык балбан Айаал Лазарев жарым финалда полшалык Роберт Баранга 0:6 эсебинде жеңилип калды. Лазарев бүгүн коло байге үчүн килемге чыгат. Белгилей кетсек, Айаал Лазарев менен Роберт Баран менен «Рио-2016» жайкы олимпиада оюндарында да күрөшкөн. Анда да кыргызстандык балбан жеңилип калган.

Бүгүн дагы үч балбан килемге чыгат. Беттештер Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталат

  • Улукбек Жолдошбеков – 61 кг;
  • Эрназар Акматалиев – 65 кг;
  • Арсалан Будажапов – 79 кг;

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM