Биз менен байланышыңыз

«Forbes» 2020-жылдагы эң көп киреше тапкан белгилүүлөрдү атады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 573 | 0

«Forbes» журналы ушул жыл ичинде эң көп каражат тапкан белгилүүлөрдүн жылдык рейтингин чыгарды.

Бул тизмедеги биринчи орунду америкалык модель, ишкер, «Кардашьяндар үй-бүлөсү» телевизиондук реалити-шоунун катышуучусу, «Kylie Cosmetics» компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Кайли Женнер ээледи. 23 жаштагы Женнер жыл ичинде 590 млн доллар тапкан.

Экинчи орунду Ким Кадашьяндын досу, рэпер Канье Уэст алган, анын жылдык кирешеси 170 млн доллар. Үчүнчү орунду 106 млн кирешеси менен теннисчи Роджер Федерер ээлеген.

Ошондой эле ТОП-10го кирген атактуулар:

4. португалдык футболчу Криштиану Роналду – 105 миллион доллар;

5. аргентиналык футболчу Лионель Месси – 104 миллион доллар;

6. америкалык актер Тайлер Перри – 97 миллион доллар;

7. бразилиялык футболчу Неймар – 95,5 миллион доллар;

8. америкалык алып баруучу жана юморист Говард Стерн – 90 миллион доллар;

9. америкалык баскетболист Леброн Жеймс – 88,2 миллион доллар;

10. америкалык актер Дуэйн Джонсон – 87,5 миллион доллар.

Тизмени 35,1 миллион доллар кирешеси менен египеттик футболчу, «Ливерпуль» клубунун чабуулчусу Мухаммед Салах жапкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM