Биз менен байланышыңыз

Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогунда чемпион болду

Кыска кабар , Спорт | 17 Дек 2020 | 1452 | 0

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча Дүйнө кубогун утуп алды. Ал чехиялык Адела Ханзликованы 8:2 эсебинде утуп алды.

Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан турнирде Жуманазарова квалификациялык жана чейрек финалдык этаптарда беларустук, украиналык спортчуларды жеңип алды.

Муну менен Мээрим Жуманазарова Дүйнө кубогунда алтын медаль тагынган үчүнчү кыргыз балбаны болду. Буга чейин Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова алтын медаль уткан.

Copyright © 2017 Maral FM