Биз менен байланышыңыз

Кумарканага 25 миң доллар уттурган уулу атасынын ажалына себеп болду

Коом , Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 1551 | 1

Акыркы жылдары бинардык опциондор деген аталыш менен иш жүргүзгөн электрондук казинолордун саны көбөйүп баратканы коомчулукта айтылууда. Анын кесепетинен кумар ойноп, көп суммадагы акча, автоунаа жана үйүн алдырып жибергендер бар. Ушундай жабыркаган адамдын жакыны адилеттик издеп, биздин редакциябызга кайрылган.

Атын атоону каалабаган жаран досунун бир нече күн мурда кумар ойноп, 25 миң доллар акчасын уттуруп жибергенин, бул алгачкысы эместигин, буга чейин да автоунаасын оюнга салып уттурганын айтып берди. Ал арада кумарчы уулунун кылыгына кейиген атасы кечээ түнү кан басымы көтөрүлүп каза тапкан.

«Бул — 2-3 күн мурун эле болгон окуя. Атасы кечээ түнү каза болуп калыптыр. Буга чейин автоунаасын уттурган. 6-кичи райондогу батирин сатып, аны да уттурду. Өзүнүн эч нерсеге көңүлү жок. Бизди да кабыл албай келет. Азыр каякта жүргөнүн эч ким билбейт, издеп жатабыз». 

Бул чөйрөгө берилип кеткен досу учурда байланышка чыкпай жатат. Каарманыбыз досунун келечеги үчүн тынчсызданат.

«Көп эле жолу айтканбыз. Айта берип тил тешилди. Ал азгырык экен да, өзүн токтото, башкара албай калат экен. Жанагы уттурган акчаларын ойлоп эле кайра бара берет. «Уттурган акчаларымды чыгарып алам», — деп атып, биротоло байланып калат турбайбы. Ичим күйүп, жаман болгонумдан айтып жатам. Ишенбесеңер, өзүнөр деле бир сьемкага чыгып келиңиздерчи. «Ringo Trade» дейби, ушундай. Барып, рейд жүргүзсөңөр деле болот». 

Аталган жагдайга байланыштуу Сүйүмбаев-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан «RingoTrade» аталышындагы брокердик клубга барып көрдүк. Тилекке каршы, брокердик жайдын кызматкери биздин чыгармачыл топко маалымат берүүдөн баш тартты. Болгону клубдун ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, казинодо ойноо үчүн 200 сомдон 15 миң сомго чейин акча салынат. Ал эми VIP оюнчулар үчүн атайын бөлмөлөр даярдалган. Анда кардарлар 30 миң сомдон баштап, миңдеген долларларга чейин коюп ойношот. Кумар оюну болгону 1 мүнөт 20 секундга созулат. Оюн 40 секундда жүргүзүлүп, калган 40 секундда жыйынтыгы чыгарылат. Саналуу көз ирмемдин ичинде далай адамдын тагдыры чечилип калат.

Маселеден кабардар кылып коюу максатында депутат Марлен Маматалиевге байланышканыбызда, ал электрондук казинолорду тыюу боюнча мыйзам экинчи окууда каралып жатканын маалымдап, мыйзам үчүнчү окууда жактырылып, президент кол койсо эле, жаңы жылдан кийин аталган жайлардын баары жабыларын айтты. Мындан тышкары бул багытта комплекстүү иш-чаралар жүрүп жатканын кошумчалады.

«Буюрса, бул маселе чечилет. Окууда каралат, андан соң президент бир айдын ичинде карайт. Президент мыйзамга кол койсо эле, ошол мыйзамдын негизинде аталган жайлардын бардыгы жабылат». 

Кыргызстан Аалымдар Кеңешинин мүчөсү Марс Ибраев кумар оюндарына динде тыюу салынганын, кумар оюнунун кандай түрү болбосун, шариятка туура келбесин белгиледи. Ал бүгүнкү күндө болуп жаткан бул жагдайды «коомдогу трагедия» атап, жакын арада бул тармак орду-түбү менен жок кылынбаса, акыры кейиштүү болорун эскертип өттү.

«Кумар оюндарынын кандай гана түрү болбосун, Ислам дини баарына тыюу салат. Буга чейин казинолорго тыюу салынган эле. Бирок аны менен кошо автоматташтырылган, электрондук чакан казинолорго да тыюу салып, мүмкүн болсо, жок кылып салса, абдан жакшы болмок. «Бюджетке акча түшөт» дегенибиз менен, анын аркасында канчалаган үй-бүлө бузулуп жатат; канчалаган жандар ажал таап жатат; өзүнүн жанын өзү кыйган учурлар деле толтура. Ошондуктан мунун пайдасына караганда зыяны көп. Андыктан кумар оюндарын токтотсок, бөгөт койсок, элибизде трагедиялуу, кайгылуу жагдайлар жаралбайт беле дейм».

2011-жылдын 1-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган № 191 «Кыргыз Республикасында кумар оюн ишине тыюу салуу жөнүндө» Мыйзамга ылайык, казинолордун ишмердигине толук тыюу салынган. Аталган мыйзам 2012-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген. Бирок ага карабастан, казинонун электрондук түрлөрү, тактап айтканда, биз жогоруда сөз кылган бинардык опциондор жана брокерлик клубдар пайда болгон.

Copyright © 2017 Maral FM