Connect with us

«Булганган аба карылар жана жаш балдар үчүн өтө кооптуу»

Ден соолук , Коом | 15 Дек 2020 | 1129 | 0

Жыл сайын кыш мезгилинде Бишкектин аба катмарын коюу туман каптайт. Мындан улам, борбор калаа абасы «өтө булганыч» шаарлардын катарын толуктап келет. Буга себеп катары бир нече факторлорду айтууга болот. Эксперттер мунун башкы себебин жаңы конуштардагы жеке үйлөрдүн сапатсыз көмүр менен жылытылышынан, ЖЭБден чыккан кара түтүндөн жана автоунаалардан бөлүнгөн уулуу заттардан көрөт.

Дарыгерлер булганган аба адам организмине терс таасир этип, мындан улам өпкө жана жүрөк оорулары пайда болуп, иммунитет төмөндөөрүн белгилешет. Бишкек шаардык Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Бурул Жусурованын айтымында, кара түтүн өзгөчө улгайгандар жана жаш балдар үчүн өтө кооптуу.

«Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору тарабынан иш-чаралар жүргүзүлүп келет. Акыркы үч жыл ичинде жети поликлиника көзөмөлгө алынган. Аталган ооруканалардын берген статистикалык маалыматтарына ылайык, акыркы үч жыл ичинде жүрөк, өпкө жана тамак оорулары көбөйгөн». 

«Тазалык» муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары Адил Назаров бүгүнкү күндө буга себеп болгон бир канча фактор аталганы менен анын эң негизги жагдайы изилденбей жатканына тынчсызданат. Себеби Бишкек жылуулук тармактары 1961-жылы эле курулган. 2014-жылы Кыргызстанга 100 миңден ашуун машина экспорттолгон. Бирок кара түтүн маселеси шаарда 2-3 жыл мурун гана пайда болду. Андыктан кара түтүндүн каптоосуна ЖЭБди күнөөлөгөн бир жактуу болуп каларын белгиледи.

«Азыр биз илимий жактан мамиле жасоо менен проценттик түрдө абаны кирдетип жаткан факторлорду аныкташыбыз керек. Ал үчүн бир-эки станция жетпейт. Биз шаардын бүт аймагына станцияларды орнотуубуз зарыл. Анткени Бишкекте станциялардын саны аз, алар туура маалымат берип жатканы деле күмөн». 

Кыргызгидромет борборунун 15-декабрга карата берген маалыматына таянып айтсак, Бишкек шаарында абаны булгаган зыяндуу заттардын топтолушу күндүк ченемден 9,8 эсе жогору. Аталган борбор абанын булгануусуна 1960-жылдан бери байкоо салып келет. Мындай иштер Кыргызстандын 5 шаарында жүргүзүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтин өкүлү Бегайым Алипова билдирди.

«Бүгүн эртең мененки саат 9:00дө автоматтык станциядан алынган маалыматка ылайык, абаны булгаган заттардын көбү жогорку ченемден ашып кеткен. Абадагы кирдеген катуу бөлүкчөлөр 2 эсе ашык экени байкалган. Тактап айтканда, акыркы күндөрү аталган катуу бөлүкчөлөр жогорку жана күндүк ченемден ашыкча болууда». 

Ал эми Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин Чүй-Бишкек аймактык башкармалыгынын башчысы Болот Кадырбеков Бишкек шаарындагы, Аламүдүн, Сокулук райондорундагы экологиялык абалды жакшыртуу максатында 40 бөлүмдөн турган иш-чара бекитилгенин, тилекке каршы, ал өлкөдөгү пандемия жана саясий абалдан улам толук ишке ашырылбай жатканын маалымдады.

«Иш жүрүп жатканы боюнча мекемелер маалымат берип жатышат. Бирок иштер белгиленген мөөнөттө жана белгиленген көлөмдө аткарылбай жатканы байкалууда. Буга себептер бар. Аны мекемелер да моюндарына алууда». 

Эскерте кетсек, акыркы 11 айда Бишкекте кара түтүнгө байланыштуу жалпы 285 текшерүү жүргүзүлгөн. Анын жыйынтыгында 30 мыйзам бузуу катталып, 388 миң 500 сом айып пул салынган.

Даярдаган: Тумара Карыпбекова

Copyright © 2017 Maral FM