Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 16-декабрда түнкүсүн Ош, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде бир аз кар жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -11…-16, күндүз -3…-8;
Талас облустарында түнкүсүн -12…-17, күндүз -3…-8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндүз -1…+4;
Нарын дубанында түнкүсүн -17…-22, күндүз -8…-13.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -11…-13, күндүз -6…-8 градус болот.