Биз менен байланышыңыз

Акылбеков: Китепти зарылчылыкка жараша тандоо керек

Кыска кабар , Пикирлер | 15 Дек 2020 | 776 | 0

Китепти зарылчылыкка жараша тандоо көп пайдасын берет. Бул тууралуу «Бир адамдан бир китеп» долбоорунун негиздөөчүсү Бакай Акылбеков «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, окуган китептер пайдалуу болушу үчүн башкалар менен бөлүшүү зарыл. Окуучулар китеп окууну жакшы жайылтат. Бул маселеге мамлекет тараптан да, коомчулук тарабынан да көңүл бурулуусу кажет. Маселен, Өзбекстандагы автобустар мыкты китептерди алып, калааларды айланат.

Мындан сырткары, окуучу, мамлекеттик кыматкерлер, аскерлер, айтор бардык жарандарга өздөрүнө тиешелүү багыт боюнча шарттуу түрдө китеп окуу конкурсун же саамалыгын уюштуруу керек.

«Адам болуу үчүн китеп окуу зарыл. Өнүккөн мамлекеттер, билимге, окууга маани беришет, баары билимдин арты менен өнүгүүдө. Андыктан мамлекет катары өнүгүшүбүз үчүн, жеке адам болуш үчүн да китеп окушубуз абзел», — дейт Акылбеков.

Copyright © 2017 Maral FM