Кыргызстанда COVID-19 инфекциясы менен ооругандарды кабыл алуу үчүн орундуктар жетиштүү. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаевдин айтымында, жалпы 8 миң орундук даярдалган.
Азыркы тапта 4620 орун колдонулуп, анда 1948 бейтап дарыланууда.
Дарылоо үчүн – 4943 кычкылтек концентратору жана 506 ИВЛ аппараты колдонулуп жатат.
15-декабрга карата ооруканаларда 1948 бейтап дарыланууда. Анын ичинен 86 адамдын абалы өтө оор, 516 адам оор абалда, 1322си орто оордукта, 24 адамдын абалы канааттандыраарлык.
Үй шартындагы дарыланууда 2904 бейтап бар.