Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Төрт бейтап каза болуп, 236 адам жаңы катталды

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 402 | 0

Кыргызстанда коронавирус илдетинен дагы төрт бейтап каза болду. Анын экөө Бишкек шаарында, калганы Чүй облусунда аныкталды. Өлкөдө коронавирустун өлүм учурлары 1316ны түзүүдө.

Бир сутка ичинде 236 адам COVID-19 илдетин жуктуруп алганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавирустун жалпы катталган учурлары 77 миң 910го жетти.

15-декабрга карата 417 бейтап айыгып, коронавирустан сакайгандардын жалпы 70 миң 867ге жетти.

Ооруканаларда 1948 бейтап дарыланып жатат. Анын ичинен 86 адамдын абалы өтө оор, 516 адам оор абалда, 1322си орто оордукта, 24 адамдын абалы канааттандыраарлык.

Үй шартындагы дарыланууда 2904 бейтап бар.

Бир сутка ичинде эки медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алып, 11 кызматкер айыкты.

COVID-19 вирусун жалпы 4041 медик жуктуруп алган, анын 3781и сакайды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM