Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды

Кыска кабар | 15 Дек 2020 | 619 | 0

Кыргызстанда 15-декабрда президенттикке талапкерлердин үгүт иштери башталды. Ал 8-январь, саат: 00:00гө чейин созулат.

12-январга чейин БШК добуш берүүнүн жыйынтыгын жана катышкан шайлоочулардын тизмесин жарыялайт. 24-январга чейин шайлоо өткөнү же өтпөгөнү расмий айтылат.

Шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт.

Башында президенттик кызматка талапкер катары шайлоого катышуу ниетин билдирип, 65 жаран арыз жазган. Учурда 18 талапкер калды:

1. Бабыржан Төлбаев;

2. Садыр Жапаров;

3. Аймен Касенов;

4. Арстанбек Абдылдаев;

5. Равшан Жээнбеков;

6. Курсан Асанов;

7. Элдар Абакиров;

8. Адахан Мадумаров;

9. Абдил Сегизбаев;

10. Жеңишбек Байгуттиев;

11. Мыктыбек Арстанбек;

12. Клара Сооронкулова;

13. Рашид Тагаев;

14. Бактыбек Калмаматов;

15. Каныбек Иманалиев;

16. Имамидин Ташов;

17. Канатбек Исаев;

18. Улукбек Кочкоров.

Copyright © 2017 Maral FM