Биз менен байланышыңыз

Жоламан Шаршенбеков Дүйнө Кубогун жеңип алды

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 1218 | 0

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Сербияда өтүп жаткан Дүйнө Кубогун жеңип алды.

Ал 60 кг салмакта финалдык беттеште орусиялык спортчу, дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси, Европа оюндарынын 2 жолку чемпиону Степан Марянянды жеңип алды. Буга чейин жарым финалда түркиялык балбан Ахмет Уярды 5:1 эсебинде жеңген болчу.

Белгилей кетсек, Жоламан Шаршенбеков 21 жашта. Ал греко-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын күмүш медаль ээси.

Copyright © 2017 Maral FM