Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда 20.12.20 күнү 43 түгөй баш кошот

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 393 | 0

Быйыл 20-декабрда Кыргызстанда 43 түгөй баш кошот. Мамлекеттик каттоо кызматы эң көп үйлөнүү учуру Бишкекте болорун кабарлады.

Ал эми аймактарда аталган күнү нике күбөлүгүн алуу үчүн 9 түгөй, ошондой эле жаңы жыл алдында (31. 12.2020) баш кошуу үчүн 9 түгөй арыз берген.

Былтыр 19.10.2019 датасында өлкө боюнча 62, 19.12.2019 датасында 203, жаңы жыл алдында (31.12.2019) 33 үй-бүлө курулган.

Мындан тышкары быйылкы кооз даталарда, тактап айтканда, 10.10.2020 күнү 92 түгөй, 20.10.2020 күнү 222 түгөй баш кошкон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM