Биз менен байланышыңыз

Аскат, Роза: Алгачкы тасмага акысыз тартылганбыз

«Министрдин кызынын махабаты» тасмасы аркылуу элге таанылган актерлор Аскат Эрбаев жана Роза Азимбаева «Марал» радиосунун «Үзөңгүлөш үч эрке» программасына келип, тасмадагы кызыктар жана азыркы жеке жашоолору тууралуу маек куруп беришти

Аткарган ролубуз көңүлгө толбойт

Роза Азимбаева: — Чынын айтканда, ал убакта билим жок болчу, колубуздан келишинче аракет кылганбыз. Киного тартылып бүткөндөн кийин өзүмө таптакыр жаккан эмесмин. Себеби кийин актердук билим алдым да. Окуп, тажрыйба топтолгондо гана билинет экен. Азыр болгондо ал ролду башкача аткармакмын. Ошол тасмага тартылганыма азыркы күнгө чейин өкүнөм. Бул нерсе бара-бара унутулат го деп ойлочумун. Бирок андай болбой калды. Керек болсо мен өлгөндө да «баягы наркоман Зина өлдү» дешсе керек.

Аскат Эрбаев: — Менде да ушундай эле ой. Актердук билимиң жок, ал кезде  жашсың. Бирок ошол кезде элдин бул кинону кабыл алуусу абдан эле жакшы болгон. Мага да ошондогу аткарган ролум жакпайт. Бул тармакка спорттун арты менен келгем. Ал кезде өзүм деле айылдан келген бала болчумун, ошол кездеги Зиналар мени тоготпой коюшкан (күлүп).

Эч кандай акча алган эмеспиз

Роза Азимбаева: — «Министрдин кызынын махабаты» тасмасына  тартылганыбыз үчүн эч кандай гонорар алган эмеспиз. Беш сом менен маршурткага түшүп, барып-келип тартылып жүрдүк. Ачык эпизод болорун билгем, бирок ич кийимчен тартылмакмын. Анан сьемканын жүрүшүндө өзгөрүүлөр болуп кетти. Режиссер да кыйын киши экен, баарын тартып, ошол жерлерин аягында калтырды. Алар аябай психолог болушат эмеспи, баарын билип турат. Рустам байке да менин ак көңүл экенимди билип койду окшойт (күлүп). Эгерде азыр ачык эпизод сунуштаса, миллион доллар сурамакмын.

Аскат Эрбаев: — Эми ал кезде 24 жашта болчумун. А азыр андан башка деле ролдорду кыйратсак, көп ийгиликтерди жаратабыз деп ойлойм.  Ал ролум үчүн эч ким төлөп берген жок.

Кинонун уландысы жакында тартылат

Аскат Эрбаев: — Андан бери он төрт жыл өтүптүр. «Министрдин кызынын махабаты» тасмасындагы Нурбек экөөбүз сүйлөшүп отуруп, анан идея жаралды. Буга чейин деле ойлонуп келгенбиз уландысын тарталы деп. Азырынча тартуу иштери баштала элек, аны да иштетүү  оңой  эмес. Буюрса, сценарийдин 70 %ы бүтүп калды.  Эгер баарына жага турган болсо, тартуу иштерин баштайбыз. Мурдагы каармандардан «Убактым жок», — деп Мадина (Асел Чоткараева) гана баш тартты. Бул актрисанын ордуна башка  кыз тандалды, азырынча айтпай турайын. Ал эми кинодогу калган каармандар каршы болушкан жок. Негизи, режиссер улантып тартууга  уруксат берген эмес. Бирок, өзү кинону уланта албаса, демек башка бирөө сөзсүз тартса болот да. Эгерде, ал тасманы улантып тартам десе, өзүнүн вариантында иш жүргүзө берсе болот.  Ал эми аталган кинодо өзгөчө образы менен элдин эсинде калган Буркан тууралуу да айта кетейин. Учурда күндө чалышып, байланышты үзбөй келебиз. Азыр бир аз жашоосунда кыйынчылыктар бар. Буюрса, баары жакшы болот деп ойлойм.

Азыркы учурда…

Аскат Эрбаев: — Үй-бүлөлүүмүн. Бир уул, бир кызым бар. Келинчегим кичинекейлер менен үйдө. Мен болсо чакан жумуш баштагам. Эл катары иштеп, аларды багып жүрөм. Бул жумушум деле чыгармачылыктан алыс эмес.  Кол өнөрчүлүк менен сахна жасалагаларын жасайбыз.

Роза Азимбаева: — Чыгармачылыкка кызуу кириштим. Буюрса, жаңы жылда жакшы чыгармалар менен жаңы Зинаны көрө аласыздар десем болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM