Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, эртең, 15-декабрда түнкүсүн жана күндүз Ош, Баткен, Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда, тоо этектеринде кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Жолдорго муз тоңот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй, Талас облустарында түнкүсүн -10…-15, күндүз -3…-8;
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн -3…-8, күндүз -1…+4;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3;
Нарын дубанында түнкүсүн -15…-20, күндүз -1…-6.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз -4…-9 градус болот.