Акыркы бир суткада Казакстанда 747 адамдан коронавирус оорусу аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 14-декабрда өлкөнүн ыкчам штабы билдирди.
Пандемия башталгандан бери Казакстанда жалпы 142 миң 325 адамдан COVID-19 оорусу аныкталды.
Ал эми сутка ичинде 802 бейтап айыгып, өлкө боюнча илдеттен айыккандардын саны 126 182 адамды түздү.