Биз менен байланышыңыз

Бакир Таиров 2-февралга чейин камакка алынды

Кыска кабар | 14 Дек 2020 | 578 | 0

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Бакир Таиров 2021-жылдын 2-февралына чейин камакка алынды. Маалыматтарга караганда, анын баш коргоо чарасы 11-декабрда аныкталды.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча, мамлекеттик органдардын биринин жетекчисинен өзгөчө ири өлчөмдө акча каражаты келип түшкөн факты аныкталган.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, быйыл октябрь айында өткөн парламенттик шайлоо алдында Финполдун мурдагы жетекчиси саясий партияны каржылоо керек деген шылтоо менен мамлекеттик орган жетекчилеринин бирин ири суммадагы акча которууга мажбурлаган.

10-декабрда Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында териштирүү иштери жүрүүдө.

Copyright © 2017 Maral FM