Биз менен байланышыңыз

Ысык-Көлдө күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Кыска кабар | 12 Дек 2020 | 307 | 0

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, кечээ 11-декабрда саат 20:19да Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Түп районунун Кутургу, Кичи-Өрүктү, Ак-Булуң айылдарында 3,5 балл, Түп, Шаты айылдарында 3 балл, Ысык-Көл районунун Ананьево айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Copyright © 2017 Maral FM