Биз менен байланышыңыз

Бишкектеги убактылуу жайларда 80дей адам жашап жатат

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Дек 2020 | 1340 | 0

Бишкектин Свердлов районундагы үй-жайсыздардын убактылуу жайында 40 киши жашап жатат. Мекеме жалпысынан 80 кишиге ылайыкташкан. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Октябрь районундагы убактылуу жайда да 40тай адам жашайт. Убактылуу жайга келип жуунуп, тамак ичип кеткендер, туруктуу ошол жерде жашагандар да бар. Мындай жайларга баруу үчүн атайын каттоодон өтүүнүн кажети жок. «102» же «103» номуруна чалып, жардам суроого болот.

Мындан сырткары мэрия жакыр үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыз кылат. Алсак, быйыл ар бир үй-бүлөгө 5700 сомдон бөлүндү. Каржылык колдоону 3469 үй-бүлө алды.

«Үй-жайсыз калгандарга өзгөчө мамиле кылышыбыз керек. Турмуштун оор кырдаалына дуушар болгон балалуу аялдар да кайрылат. Аларга да жардам көрсөтүлөт. Кайрылган кишилерге кайдыгер каралбайт. Мурдагы жылдарга караганда быйыл кыйналган адамдардын саны өстү», — дейт Мамбетова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM