Биз менен байланышыңыз

Бишкек: Үй-жайсыздар үчүн эки убактылуу жай ачылды

Кыска кабар , Пикирлер | 11 Дек 2020 | 1569 | 0

Бишкекте үй-жайсыздар үчүн эки убактылуу жай ачылды. Бул тууралуу Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы Майрам Мамбетова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, шаар мэриясы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, жардамга муктаж жарандар, селсаяктар камкордукка алынды. Тактап айтканда, Свердлов жана Октябрь райондорунда убактылуу жайлар ачылды.

Свердлов районундагы убактылуу турак жайдын оңдоп-түзөөсү үчүн жергиликтүү бюджеттен 481 миң 900 сом акча бөлүнүп, актоо, сырдоо иштери жүрдү, ошондой эле жаңы шейшептер, дары-дармектер алынды.

Ал эми Октябрь районундагы убактылуу жайга 1 млн 300 миңден ашык каражат бөлүнүп, капиталдык оңдоп-түзөө иштери жасалды. Жаңы керебеттер да сатылып алынды.

ИИМ убактылуу турак жайдын жашоочуларынын документтерин калыбына келтирүүгө жардам беришет. Ал эми дарыгерлер медициналык көмөк көрсөтүшөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM