Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңеш референдум өткөрүү мыйзамын колдоп берди

Кыска кабар | 10 Дек 2020 | 1041 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны «Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо боюнча бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоорун экинчи жана үчүнчү окууда карап жактырды. Жыйынга катышкан 64 депутаттын алтымышы макул, төртөө каршы добуш берди.

Эми аталган долбоор жалпы элдик добуш берүүгө чыгарылат. Буга чейинки маалыматтарда референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү маселеси каралып жатканы айтылган.

Референдум өткөрүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сунуш кылган. Ал долбоорду тиешелүү комитеттин корутундусунан кийин сессияга алып чыкканын маалымдаган.

Президенттин укуктары кеңейтилген долбоорду колдогондор эгер ал кабыл алынса, Кыргызстанда бийликтин жоопкерчилиги күчөй турганын белгилешсе, ал эми алардын оппоненттери өлкөдө авторитардык башкаруу орнойт деп кооптонушууда. Референдумга каршы активисттер жума сайын нааразылык акциясын уюштуруп келишет.

Copyright © 2017 Maral FM