Кыргызстанда 10-декабрга карата COVID-19 илдетинен үч бейтап каза болду. Коронавирустан көз жумгандардын саны 1306ны түздү.
Акыркы бир сутка ичинде COVID-19 илдетинин 379 учуру катталды:
-Бишкек — 120 ;
-Ош — 8;
-Чүй облусу – 98;
-Ош облусу — 11;
-Талас облусу — 10;
-Нарын облусу — 7;
-Ысык-Көл облусу – 81;
-Жалал-Абад облусу – 29
-Баткен облусу — 15.
Коронавирус менен катталгандардын жалпы саны 76 миң 391ге жетти.
10-декабрга карата COVID-19 илдетинен 527 адам сакайды:
-Бишкек – 140;
-Ош шаары – 16;
-Чүй облусу – 104;
-Ош облусу – 36;
-Талас облусу – 21;
-Нарын облусу – 11;
-Ысык-Көл облусу – 41;
-Жалал-Абад облусу – 86;
-Баткен облусу – 72.
Өлкөдө вирустан айыккандардын саны 68 миң 894кө жетти.
Бир сутка ичинде дагы 11 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды, алардын ичинен 2 медкызматкер кызыл зонада жуктурган. Ошол эле күнү 17 кызматкер айыкты.
COVID-19 вирусун жуктуруп алган медиктердин саны 4007ге жетип, анын 3719у сакайды.
Учурда ооруканаларла 2305 бейтап дарыланып жатат, үй шартындагы дарыланууда 3041 бейтап бар.