Биз менен байланышыңыз

Мамытовдун сынга кабылган иш сапары

Саясат | 8 Дек 2020 | 1196 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы, Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Орусияга жасаган иш сапары серепчилердин сынынан өтүүдө. Кечээ, 7-декабрда башталган иш сапарда төрага Мамытов алгач эле Мамдуманын спикери Вячеслав Володин менен жолукту.

«Көп жылдык достук мамиледе болгон Кыргызстан Орусиянын ишенимдүү өнөктөшү бойдон калат. Белгилей кетчү жагдай, Кыргызстан өзүнүн бардык эл аралык жана мурда кол коюлган эки тараптуу, көп тараптуу келишимдер боюнча алган милдеттенмелерин аткарат», — деди Талант Мамытов.

Тараптар пандемияга байланыштуу токтоп калган аба каттамдарды жандантуу, чек ара кызматтарынын иши боюнча механизмдерди жакшыртуу маселелерин карашты. Ошондой эле эмгек мигранттары боюнча көйгөйлөрдү жөнгө салуу сыяктуу маселелер талкууланды.

Кыргызстандагы орус тилинин расмий макамы боюнча да кеп козголду. Вячеслав Володин республикада орус тилине расмий макам берилгендиктен, Кыргызстандын жарандарына Орусияда ишке орношуу жеңил экенин белгиледи. Ошондой эле ал: «КМШ аймагында айрым өлкөлөр Батыштан колдоо издеп жүрөт», — деп сындады.

«Кээ бир мамлекеттерде саясатчылар интеграция тууралуу сөз болгондо АКШ тарапты карай берет. Ал эми кыйнала баштаса, Орусияга кайрылат», — деди Думанын төрагасы.

Мамдуманын төрагасынын бул сөзү учурда социалдык тармактарда кыргыз тарапка кыр көрсөтүү катары бааланууда. Ал арада президенттин милдетин аткаруучунун иш сапарын сынга алгандар менен туура көргөндөрдүн ортосунда талаш жаралды.

Сындаган тарап президенттин милдетин аткаруучунун расмий сапарларды жасаганы, аны мөөнөтү бүткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын коштоп барганы туура эмес деген жүйөнү карманышууда. Серепчи Нурбек Муктардын айтымында, талкууланган экономикалык, кызматташтык ири маселелерди милдетин аткаруучу эмес, мамлекеттик мекемелер, анын катарында Тышкы иштер министрлиги аркылуу чечкени туура болмок.

«Барган президент убактылуу, депутаттар да убактылуу. Алардын легитимдүүлүгү да күмөндүү. Андыктан экономикалык, саясий кызматташтык багытындагы маанилүү маселелерди легитимдүү ТИМ, же башка мекемелер аркылуу чечкени туура болмок».

Саясат талдоочу Алмазбек  Акматалиев Кыргызстан Орусия менен стратегиялык өнөктөш экенин белгилеп, кандай болгон учурда да мындай жолугушуулардын өтүп турганы маанилүү болорун билдирди.

«Орус тарап чакырып жаткандан кийин эмне үчүн барбай коюшу керек? Кандай болгон күндө да, жолугушууга кимдин барганы маанилүү эмес. Негизгиси, эң башкы стратегиялык өнөктөшүбүз менен тыгыз мамиледе болуп турганыбыз жакшы. Мындай визиттер болуп турушу керек».

Эске салсак, буга чейин Кыргызстандагы саясий окуялардан улам Орусия ЕАЭБ аркылуу келе турган 100 млн долларлык каражатты берүүнү убактылуу токтоткон. Бирок кийин Тышкы иштер министри Руслан Казакбаевдин иш сапарында аталган акчаны берүү маселеси кайра жанданары айтылган, бирок качан берилери дале белгисиз бойдон калууда.

Copyright © 2017 Maral FM