Бүгүн 8-декабрь — Кыргызстанда телерадио кызматкерлеринин күнү. 1958-жылдын ушул күнү алгачкы телекөрсөтүү эфирге чыккан. Көрүүчүлөргө тартууланган Фрунзе телестудиясынын биринчи программасы он мүнөттү гана түзгөн. Дал ушул күндөн тарта кыргыз медиасынын доору башталган.
Алгач мамлекеттик телеканалдар иш алып барып келсе, бара-бара жеке каналдар да ачыла баштады. Ага атаандаш катары сайттар, онлайн порталдар да пайда болду. Ааламдашуу доорундагы бул көрүнүштүн арты менен телеканалдардын иши токтоп калат деп тынчсыздангандар да болууда.
КТРКнын мурдагы жетекчиси Жайнак Үсөн уулу телеберүү актуалдуулугун жоготуп баратат деген пикирге кошулбайт. Анткени Кыргызстандын аймагындагы 90 %га жакын көрүүчү телеберүүнү такай болбосо да, маал-маалы менен көрүп келет. Анын айтымында, телеберүү, радио, интернет тармактарынынын ар бирин өз-өзүнчө бөлүп кароо туура эмес. Анткени алардын бардыгы — элге маалымат таратуу булактары. Бул жерде көп нерсени «контент» деген түшүнүк чечет. Ал эми интернетти телерадио жаатына көмөк көрсөтүп жаткан тармак катары гана кароого болот.
«Мазмундуу жана сапаттуу долбоорлор болсо, аны интернет аркылуу көрөбү же теле аркылуу көрөбү, айырмасы жок. Эң негизгиси, ар бир медиа уюмдун, ар бир жамааттын максаты сапаттуу долбоорлорду иштеп чыгып, аудиториясын кеңейтип, өзүнүн угарман, көрөрманын табуу болушу керек».
Интернет тармагы телеканалдардын ишин солгундатып жатканы да айтылып келет. Анткени мурда телеканалдар аркылуу берилген жарнамалардын көпчүлүгү ушул тармакка оогон. Буга интернет колдонуучуларынын көбөйгөнү себеп катары саналат.
Анткен менен телеберүүлөр такыр көрүлбөй калды дегенге негиз жок. Мындай оюн НТС телеканалынын жетекчиси Миржан Балыбаев айтып, бирок интернет телеберүүлөрдүн ишин аксатты дегендин кандайдыр бир деңгээлде чындыгы бар экенин танбайт. Ал андан сырткары да тоскоолдук жараткан бир катар факторлорду санады.
«Жакын арада телекөрсөтүү өзүнүн ордун жоготот деп айтууга болбойт. Телеберүүлөрдүн сапатына таасир тийгизип жаткан башка нерселер да бар. Маселен, Кыргызстан санариптик көрсөтүүгө өткөндөн кийин телеканалдардын саны кескин көбөйүп кетти. Мурун 15-16 гана канал болсо, азыркы күндө 40-60 телеканал түптөлдү, бул жалпы жонунан сапат маселесин жаратып жатат. Анткени алардын көпчүлүгү — өздөрү эч нерсе өндүрбөгөн, мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын талаптарын аткарбаган, уурдалган пираттык ар кандай программа, кинолорду гана көрсөтүү менен иш алып барган сапатсыз каналдар. Бул телекөрсөтүү тармагына абдан терс таасирин тийгизип келет».
Медиа эксперт Азамат Тынаев телеканалдар азыркы учурда сапаттуу жана жаңы креативдүү долбоорлорду иштеп чыгууда аксап жатканын сынга алды. Эксперт билдиргендей, азыркы күндө интернет тармактарынан Ютуб каналы өзгөчө актуалдуу болуп келет. Ал медиа өкүлдөрүн көрүүчүлөрдү кызыктырган, жогорку деңгээлде тартылган мыкты көрсөтүүлөрдү элге тартууласа, телерадио тармагы эч качан өз көрөрман, угармандарын жоготпойт деген ойдо.
«Тилекке каршы, салттуу телеберүү андай тандоону бизге бербей жатат. Түрдүү-түрдүү контентти бизге сунуштай албай келет. Жаңы ыкмаларды пайдаланып, кызыктуу долбоорлорду элге тартууласа, албетте, көрөрман көбөйөт».
Эскерте кетсек, 2017 -жылы 15-майда аналогдук телеберүүлөр өчүрүлүп, анын ордуна санариптик көрсөтүү киргизилген. Бул телеканалдардын бардык аймактарга чыгуусуна шарт түзүп, ошол эле учурда каналдардын көбөйүүсүнө да жол ачкан.
Даярдаган: Тумара Карыпбекова