Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айыл аймагынын Сыны айылында №26 бала бакча өрттөндү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигине бул боюнча маалымат 8-декабрга караган түнү саат 00:15де «112» кызматы аркылуу түшкөн.
Өрттү өчүрүүгө 1 өрт өчүрүү бөлүм тартылган. Ал түнкү 02:00 чамасында курчоого алынып, таңкы 4кө жакын толук өчүрүлгөн.
Министрликтин маалыматына караганда, бала бакчанын имаратынын 784 чарчы метр жери күйгөн.
Учурда өрттүн келип чыгуу себептери аныкталууда, жабыркагандар жана каза болгондор жок.