Биз менен байланышыңыз

Мамытов аба каттамдарынын санын көбөйтүү маселесин көтөрдү

Кыска кабар | 8 Дек 2020 | 477 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Орусия Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Мамытов COVID-19 пандемиясы Кыргызстан менен Орусиянын Эриш-аркак жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгилеп, буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылуу салтанатын 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Ошондой эле кыргыз тарап бардык санитардык-эпидемиологиялык чараларды жана талаптарды сактоо менен аба, темир жол каттамдарынын санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кайрадан карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылды.

Учурда аткарылып жаткан үзгүлтүксүз жана чартердик аба каттамдары жарандардын муктаждыгын толук канаттандырбай жаткандыгын белгилеген төрага Талант Мамытов:

«Эки өлкө ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарынын санын көбөйтүү же чартердик каттамдардагы жүргүнчүлөрдүн санына киргизилген чектөөнү алып салуу зарылчылыгы чыгууда. Кыргызстандын авиакомпаниялары эки өлкө ортосунда коммерциялык эмес багытта учууларды жүргүзүүгө мажбур болгондуктан, авиабилеттердин баасына терс таасир жаралууда», — деп кошумчалады.

Талант Мамытов Москвага иш сапары менен барды. Ал Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Иш сапардын соңунда Талант Мамытов Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM