Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Москвадагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл койду

Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 581 | 0

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовдун Орусиядагы иш сапары 7-декабрда Москва шаарынын Кремль дубалынын жанындагы Белгисиз жоокердин эстелигине гүл коюу менен башталды.

Төрага Улуу Ата Мекендик согуштун курмандыктарын эскерди. Бул иш-чарага өлкөдөн барган расмий делегациянын мүчөлөрү да катышты.

Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барды. Ал Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болуп, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Иш сапардын соңунда Талант Мамытов Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM