Баткен облусунун Баткен районуна караштуу Чоң-Талаа айылындагы мектептен чыккан өрт саат 11:54тө толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады.
Өрт чыккандыгы тууралуу маалымат 7-декабрь күнү саат 08:06 чамасында түшкөн. Аны өчүрүүгө жалпы 2 бөлүм тартылган.
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, өрт чыккан мектеп 180 орунга ылайыкташкан. Анда 300дөн ашык окуучу билим алат. Учурда 1, 5, 9, 11-класстын окуучулары окуп жатышкан. Өрт балдар мектепке бара электе чыккан.
Тилсиз жоонун келип чыгуу себептери жана канча чыгым болгону кабарлана элек.