Чүй облусунун аймагында 30-ноябрдан 7-декабрга чейин 1 817 жол эрежесин бузуу катталды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясы кабарлады.
Анын ичинен 14 айдоочу мас абалында кармалган, 526 адам жогорку ылдамдыкта унаа башкарган, мындан тышкары 14 айдоочу документи жок машина айдаган.
Айып жайга 74 унаа токтотулган.