Биз менен байланышыңыз

Токтогул суу сактагычында 13 млрд 489 млн куб метр суу бар

Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 403 | 0

Бүгүн, 7-декабрга алынган маалымат боюнча, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 13 млрд 489 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады.

Суунун агып келиши секундасына 185 куб метрди түзөт, агып чыккан суунун көлөмү 651 куб метрге жетүүдө.

26-ноябрга карата суунун көлөмү 13 млрд 966 млн куб метрди түзүп турган. 23-ноябрда Токтогул суу сактагычында 14,1 млрд куб метр суу бар эле.

Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Нурбек Козубеков бул көрсөткүч 2019-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 млрд куб метрге аз экенин президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов менен жолугушууда айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM