Биз менен байланышыңыз

Отун текке кетпеши үчүн эмне кылуу керек?

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2020 | 825 | 0

Отун текке кетпеши үчүн турак жайга туура жылуулук системасын куруу керек. Бул тууралуу «KAZECO» компаниясынын директору, ишкер Кубанычбек Алимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

«Жөнөкөй курулган үйлөрдү алсак, ар ким ар кандай ыкма менен жылытат. Алсак, жылуу пол ж.б. Бирок жылуу полду уктоочу бөлмөгө колдонгонду туура көрбөйм. Анткени уктаган жер бир аз салкын болушу керек. Ал эми кондиционер менен жылытсак, абаны кургатып жиберет. Биз ар бир үйгө өзүнчө мамиле жасайбыз», — дейт Алимов.

Ал Күндүн энергиясы менен электр жарыгын кошуп, жылуулук системасын жасоого болорун белгилейт. Ал эми турак жайды жылытуу үчүн иштетилген майды колдонууда жаратылышка зыяны аз болушу үчүн мештин моруна чыпка (фильтр) орнотуу керектигин айтты.

Маалыматка ылайык, «KAZECO» турак үйлөргө газ, көмүр менен иштеген казандарды орнотуп, 3 жылга кепилдик берет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM