Биз менен байланышыңыз

«Эл үй туура жылытылса, отун аз кетерин билбей жатат»

Кыска кабар , Пикирлер | 7 Дек 2020 | 1289 | 0

Жарандар үйдү туура жылытса, отун аз кетерин билбей жатат. Бул тууралуу «KAZECO» компаниясынын директору, ишкер Кубанычбек Алимов «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, калктын көпчүлүгү үйүн көмүр менен жылытат . Бирок бул абанын булгануусуна жол ачууда. Карапайым эл да электр жарыгын колдонууда коюлган чектөөнү алып салууну суранат. Ал эми адистер чектөө алынса, жүктөм көбөйүп, электр чубалгылары көтөрө албасын айтат. Абалдан чыгуунун жолу — жаратылыш газын пайдалануу. Ал үчүн ар бир үйгө газ киргизүү боюнча жол картасын иштеп чыгуу керек. Ошондо Бишкекте абанын булгануусу аз да болсо азаймак.

«Акыркы убакта үйлөр жакшы жылытылып, курулушчулар жакшы иштеп жатат. Бирок кээде курулуш компаниялары жылуулук системасын чечпей туруп, үй куруп коюушууда. Мындан улам курулуш компанияларды биз менен чогуу иштешүүгө чакырмакмын», — дейт Алимов.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM