Биз менен байланышыңыз

Бүгүн Артем Новиков Баткен облусун кыдырат

Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 339 | 0

Бүгүн, 7-декабрда премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков Баткен жана Ош облустарын кыдырат. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Артем Новиков иш сапардын алкагында өндүрүш объектилеринин иши менен таанышып, Исфана шаарындагы аэропорттун ачылыш аземине катышат. Мындан тышкары, Кадамжай шаарындагы оорукананын курулушунан кабар алат.

8-декабрда Өзбекстандын Фергана шаарында өтө турган Кыргыз-өзбек чек ара аймактарынын акимдеринин жыйынына катышат.

Иш сапардын соңунда Артем Новиков «Иркештам» көзөмөл-өткөрмө жайына да барат.

Артем Новиков буга чейин Чүй, Нарын облустарын кыдырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM