Биз менен байланышыңыз

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Москвага барды

Кыска кабар | 7 Дек 2020 | 454 | 0

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 6-декабрда Москвага иш сапары менен барды.

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Талант Мамытов сапардын алкагында Орусиянын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик Думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.

Анда соода-экономикалык, гуманитардык кызматташтык багытында сүйлөшүүлөр болуп, андан тышкары парламенттер аралык кызматташтыктын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын алакасын арттыруу маселелери талкууланат.

Ошондой эле Талант Мамытовдун Евразия Экономикалык Комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович жана Аткаруучу комитеттин төрагасы — КМШнын Аткаруучу катчысы Сергей Лебедев менен жолугушуулары мерчемделген.

Иш сапардын соңунда Талант Мамытов Орусияда жашаган мекендештер менен жолугушат.

Copyright © 2017 Maral FM