Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоого байкоо салуу үчүн 43 эл аралык байкоочу каттоодон өттү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады.
6-декабрга карата жети өлкөдөн 6 эл аралык байкоочу уюм катталды. Алар:
Кыргызстандагы Ханс Зайдел уюмунан бир байкоочу;
Шайлоо системасы боюнча эл аралык фонд өкүлчүлүгүнөн 1 байкоочу;
Молдованын БШКсы эки байкоочу жиберген;
КМШ мамлекеттеринен 34;
КМШ миссиясы 4;
Азербайжандын БШКсы 1 байкоочу жиберген.
Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоо 2021-жылдын 10-январына белгиленген.