Борбордук шайлоо комиссиясы 6-декабрдагы жыйынында 30-ноябрда Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын мэрин шайлоонун жыйынтыгын бекитүү токтомун кабыл алды.
Мэр шайлоону өткөрүү Боршайкомунун 11-ноябрдагы токтому менен дайындалган.
Кара-Балта шаарынын мэрлик кызматына 3 талапкер — «Кыргызстандын социал-демократиялык партиясынан» Бакыт Раманкулов, «ЭлАман» фракциясынан Таалайбек Суюмбаев жана «Мекеним Кыргызстан» фракциясынан Данияр Шакирбаев көрсөтүлгөн.
Добуш берүүгө Кара-Балта шаардык кеңешинин бардык 31 депутаты катышкан.
Бакыт Раманкулов добуш ала алган эмес, Таалайбек Суюмбаев 13 добуш, ал эми Данияр Шакирбаев 18 добушка ээ болгон.
Жайыл аймактык шайлоо комиссиясынын 30-ноябрдагы протоколу боюнча Данияр Шакирбаев Кара-Балта шаарынын мэри болуп шайланды.