Биз менен байланышыңыз

Lufthansa авиакомпаниясы 30 миң жумуш ордун кыскартат

Дүйнө , Кыска кабар | 6 Дек 2020 | 321 | 0

Германиянын Lufthansa авиакомпаниясы 2020-жылдын аягына чейин чет өлкөлөрдөгү кызматкерлерин 20 миңге кыскартууну жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коомдук тамактануу бөлүмүн сатууну пландаштырууда. Компаниянын бул бөлүмүндө 7,5 миң адам иштейт.

«Bild am Sonntag» гезити билдиргендей, Lufthansaнын туунду компаниялары Eurowings, Swiss, Austrian жана Brussels Airlines пандемиядан улам учууга болгон суроо-талап төмөндүгүнө байланыштуу каттамдарын, учак паркын жана кызматкер-жумушчуларын кыскартууда.

Маалыматтарга караганда, ички авиакаттамдарды жүргүзгөн Германиянын авиакомпаниясы 2021-жылы 10 миң жумуш ордун кыскартышы мүмкүн.

Lufthansa компаниясынын капиталдаштырылышы жыл башынан бери 53% га түшүп, учурда 4,8 миллиард еврону түздү.

Басылманын айтымында, аба трафиги пандемияга чейинки деңгээлге 2025-жылга чейин гана жетет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM