Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан шайлоолорду өткөрүүдө БУУдан техникалык жардам сурады

Кыска кабар | 5 Дек 2020 | 422 | 0

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев БУУнун Кыргызстандагы туруктуу координатору Озонниа Ожиелону кабыл алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуунун негизги темасы өлкөдөгү конституциялык реформа жана БУУнун Кыргызстанга көмөктөшүүсү тууралуу болгону айтылат.

Министр жакынкы айларда башкаруу формасын тандоо, Конституцияны кабыл алуу, президенттик жана парламенттик шайлоолорду өткөрүү пландалып жатканын айтып, буга байланыштуу ал БУУнун туруктуу өкүлүнө аталган маанилүү жалпы элдик иш-чараларды өткөрүүгө техникалык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ал эми Ожиело Баш мыйзамдын жаңы редакциясын иштеп чыгуу эгемендүү мамлекеттин укугу экенин айтып, ошону менен бирге адамдардын эркиндиги жана укуктарын сактоого маани берүү керектигин белгилеген.

Ошондой эле ал Бириккен Улуттар Уюму Кыргызстанга конституциялык реформанын алкагында документтерди иштеп чыгуунун сапаттуулугун арттырууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM