«Алкоголдук ичимдиктерди ашыкча ичүү — адам организминде көптөгөн ооруларды пайда кылуу менен бирге, тери жана тырмакка байланыштуу көйгөйлөрдү да жаратат», — деп жазат «Express» басылмасы.
Дарыгер Рокси Тейлордун айтымында, алкоголдук ичимдиктердин кесепетинен тери кызарып, кургайт. Анткени алкоголь кан тамырларды кеңейтет, тырмактар жумшарып, морт боло баштайт. Ошондой эле, адамдын иммундук системасын жөнгө салып турган ичегидеги пайдалуу бактерияларды жок кылат.
«Чачтын түшүшү — ичкиликти ашыкча ичүүнүн дагы бир күтүлбөгөн кесепети. Бул белоктун начар сиңишинен улам болот», — деп кошумчалады Тейлор.
Адистер ден соолукка доо кетирбөө үчүн — алкоголдук ичимдиктердин бардык түрүнөн толугу менен баш тартууну сунуштайт.