Connect with us

Бишкекте майыптар иштеген ашкана ачылды

Коом , Кыска кабар | 4 Дек 2020 | 817 | 0

Бишкек шаарында майып жарандар иштеген тамактануучу жай ачылды. Тейлөөчүлөр келген конокторго жылуу мамиле кылып, жайдары тосуп алышат. Кардарларына кызмат кылгандардын арасында бир тууган Данияр менен Элдияр Талантбековдор бар. Данияр кулагы укпаганы, сүйлөй албаганы үчүн кардарлар менен түз сүйлөшпөй, тез татымдарды даярдоо менен алек болот. Ал эми Элдияр келгендерди тосуп алып, тейлөө кызматын аткарат.

«Бир айдан бери иштейбиз. Бул жерде столдун үстүн жыйнайбыз, кардарларды тейлейбиз, сэндвич жасайбыз, эмне жумуш болсо кыла беребиз. Менин максатым: шаурма жасаган тамактануучу жай ачуу. Азыр акырындан акча чогултуп жатам. Төрөлгөндө ден соолукта эле төрөлгөм. Анан 7 айлык кезимде сасык тумоо менен ооруп, укпай, сүйлөбөй калгам. Андан кийин дарылап, аппарат тагып, кулагым кичине угуп калган. Анан аракет кылып жүрүп, сүйлөгөндү үйрөнүп алдым», — дейт Элдияр.

Алардын дагы бир кесиптеши Андрей Головкин 24 жашта. Ал I топтогу майып, буту баспай калган. Бирок бул ага эч кандай тоскоолдук жаратпайт. Күн сайын коляскасы менен жумушка барып турат. Учурдагы кылып жаткан жумушу купулуна толот. Анткени ал үчүн адамдар менен байланышып туруу маанилүү.

«Мен Ысык-Көлдө төрөлгөм, андан кийин апамды энелик укугунан ажыратып, мени балдар үйүнө алып кетишти.  Ал жерден кийин камкорчулар багып алышты. Учурда университетте окуйм. Ушул жерге иштөө боюнча сунуш түшкөндө, өтө кубануу менен кабыл алып, дароо макул болдум. Максатым: окуумду аяктоо; кыялым: басып кетүү. Ошондой эле үй-бүлө кургум келет».

Антон Путилин — ашкананын туруктуу кардарларынын бири. Өзү эле келбестен, үй-бүлөсүн кошо ала келип, тамактанып турушат.

«Бул көрүнүш мени аябай кубандырат. Мыкты жөрөлгө. Кызматкерлер да сонун, мен ыраазымын. Өлкөдө майыптарды жумушка алышпайт. Эгер ар бир мекеме майыптарды жумушка алса, көпчүлүгүнүн каржылык маселеси чечилмек».

Тамактануучу жайлардын негиздөөчүлөрүнүн бири Жеймс Торсон Америкадан 4-жыл мурун келген. Алар майыптарга жардам берүү максатында атайын ушул бизнести ачышкан. Анда иштеген кызматкерлердин мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу сэндвич гана жасалат.

«Азыр биз 15 майыпты жумушка алдык. Эми иш болгондон кийин ар кандай болуп калат кээде. Колдорунан келишинче сапаттуу кызмат көрсөткөнгө аракет кылышат. Майыптыгына карабай иштеп жатышканы үчүн биз аларга ыраазыбыз. Бизге жумуш сураган майыптар көп келет. Тилеккке каршы, бул жай чакандык кылат. Буюрса, башка жерлерге да ачууну пландап жатабыз».

Эскерте кетсек, 2019-жылдын статистикалык маалыматына ылайык, Кыргызстанда 194 миңден ашуун майып жаран бар. Алардын 57 %ы эркектер болсо, 43 %ын аялдар түзөт.

Даярдаган: Айчолпон Мукашева

Copyright © 2017 Maral FM