Биз менен байланышыңыз

Референдум: «Эл пайдасы менен кесепетин аңдашы керек»

Саясат | 4 Дек 2020 | 833 | 1

3-декабрда Жогорку Кеңеш «Мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоо үчүн бүткүл элдик референдум өткөрүү жөнүндө» мыйзам долбоорун карады. Ага ылайык, сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда референдумду 10-январда президенттик шайлоо менен кошо өткөрүү пландалган. Ошондой эле анда башкарууну тандоо үчүн парламенттик жана президенттик деген эки вариант сунушталат. Мыйзам долбоорунун демилгечиси, Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаровдун пикиринде, башкаруу формасын тандап алууну эл өзү чечиши керек.

«Конституцияны бийликтин негизги булагы болгон элдин талабына ылайык келтиришибиз керек. Референдумда эл кайсы башкарууну тандаса, ошого макул болуп, көчө башаламандыгын, саясий жалааны уюштурбай, оюндун эрежесин жазып, андан ары ошону менен жашашыбыз зарыл. Президент артыкчылыктарды алып, аткаруу бийлигинин башында турса, туруктуулук пайда болуп, акыры жакырчылыктан чыгууга мүмкүнчүлүк алабыз деген үмүт бар», — дейт Акылбек Жапаров.

Мыйзам долбоору сунушталгандан кийин депутаттар тарабынан эки ача пикирлер айтылды. Депутат Наталья Никитенко конституциялык референдум өткөрүүгө байланышкан мыйзам долбоору комитетте каралбастан, регламент бузуу менен жалпы сессияга сунушталганын сынга алды. Анын пикиринде, референдумдун элге пайдасы менен кесепетин аңдап-түшүнүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берүү зарыл.

«Бул мыйзамды кароодо комитетте кворум болбой, оозеки түрүндө кол чогултулган. Өлкө тагдырын чече турган мыйзамды ушундай жол менен шашып кабыл алганы кандай? Эл өзү тандап алат деп жатышат. Бирок ошол элге оң-терс жактарын, пайдасы менен кесепетин да айтышыбыз керек. Кайсы системада кандай болорун эл түшүнүп алсын да», — деди  Наталья Никитенко.

Акылбек Жапаров комитетте кворум чогулбай, сурамжылоо жолу менен бүтүргөнүн билдирди.

Депутат Дастан Бекешев референдум өткөрүүнү саясатчылардын жоопкерчиликтен качып, элге шылтап коюу аракети катары баалады. Ал акыркы аракеттерди парламентаризмди жоготуу болуп жатат деп сындады.

«Мындай референдум болбошу керек. «Бизге башкаруу формасын тандап бергиле», — деп саясатчылар жоопкерчиликтен качып, элге жүктөп жатат. Парламентаризмде премьер-министр күчтүү, президенттей эле укуктарга ээ болорун көпчүлүк билбейт. Биз парламенттик башкарууну көрө элекпиз. Бирок ушундайда саясатчылар элге жарык жолду көрсөтүп, жол башташы керек эле», — деди Бекешев.

Дагы бир эл өкүлү Марлен Маматалиевдин пикиринде, референдумду президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү — эң туура жол. Себеби башкаруу системасын эл өзү тандап алышы керек. Тез арада референдумга баруу өлкөнүн саясий, экономикалык каатчылыктан батыраак чыгуусуна шарт түзөт.

«Конституциялык референдумга баруу — чоң тобокелчилик. Балким, парламентаризмди колдогондор көп болуп чыгат. Садыр Жапаров аны «өз пайдасы үчүн демилгелеген» дегендерге кошулбайм. Анын чын дилден жоопкерчиликти өз мойнуна алып, абалды жакшыртуу ниети бар», — дейт Марлен Маматалиев.

Демилгечи депутат Акылбек Жапаровдун айтымында, эгер референдум президенттик шайлоо менен бир күндө өтсө, бюллетен басып чыгарууга 4 миллион сомдон ашуун, өзүнчө өтсө, 450 миллион сомго чейин каражат талап кылынат. Ал каражатты үнөмдөө максаты да көздөлгөнүн айтат. Шайлоо күнүнө бир ай убакыт калган учурда референдумду бирге өткөрүүгө болгон аракетин көрөрүн Боршайкомдун мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Эки сааттык талкуудан кийин кворум жоктугуна байланыштуу мыйзам долбооруна добуш берилген жок. Эми келерки жыйынга чыгуусу күтүлүүдө.

1 пикир

1 пикир

  1. Бекзат

    08.12.2020 11:47

    Парламентаризм жакшы жол, бирок биздин ЖК оз колундагы мумкунчулук менен жоопкерчиликти тушуно алган жок.

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM