Биз менен байланышыңыз

Мигранттарды убарага салган «уруксат» кагазы

Коом | 3 Дек 2020 | 3761 | 1

Азыркы кырдаалга байланыштуу тыштан келген жарандарды кабыл алууда Орусия койгон айрым талаптар бар. Анын бири ден соолугуна байланыштуу дарылануу үчүн барганын ырастаган же атайын чакыруу менен барганын тастыктаган «Основание» аталышындагы документи болушу керек.

Атын атагысы келбеген Кыргызстандын жараны 18-ноябрда Москва шаарына учуп барган. Ал учак билетин 35 миң сомго, талап кылынган маалымкатты 15 миң сомго сатып алган. Кызыгы, Орусияга жеткенде ал кагазды аба майдандан эч ким текшерген эмес. Мындан тышкары Кыргызстандан чыгарда аба майдандагы кызматкерлер одоно мамиле кылганын айтып берди.

«Ош шаарынын аба майданындагы эки кызматкер 2 саат бардык жүргүнчүлөрдү текшерди. Ал жакта балалуу энелер, кары кишилер да болду. Ага карабай, катуу сүйлөп, сырткы келбетибизге кошо асылып, жаман мамиле жасашты. Кызматкерлер бардык жүргүнчүлөрдөн «основание» деген кагазды көрсөтүүбүздү талап кылышты. Аны мен Орусиядагы тааныштарымдан 15 миң сомго алдырткан болчумун. Бул Кыргызстанда да жасалып, авиакассаларда билет менен чогуу сатылат экен, «баасы 20 миң сом» дешти. Мени аябай таң калтырганы, Орусиянын «Шереметьево» аба майданына түшкөндө, бир да жан «основаниени» текшерип же сурап койгон жок. Болгону тейлеген кызматкер: «Кандай максат менен келдиңиз?» — деген бир эле суроо берди». 

Орусиядагы мигрант Зулпидин Нурматов бул маселени өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. Себеби ага мындай көйгөй менен кайрылган адамдар аябай көп болууда. Анын айтымында, азыр Кыргызстанда бул маселени тез арада чечиши керек, анткени канчалаган адам кыйналып, акчалары жок, үй-бүлөлөрүн бага албай отурат.

«Мен өзүмдүн Фейсбук баракчама «Кыргызстандан Орусияга ким келди? Кантип келдиңер?» — деп жазсам, дээрлик жазгандардын 90 %ын бул маселе кыйнайт экен. Ошондон улам, баарыбыз күмөн санап калдык. Эмнегедир Кыргызстандын аба майданында «основание» документин, коронавирус тестин талап кылып жатышат, а бирок Орусияга келгенде эч кимден эчтеке талап кылынбай эле. Демек, азыр Кыргызстанда туура эмес иштер жүрүп жатат».

Транспорт жана жол министрлигинин жарандык авиация жана суу транспорту бөлүмүнүн башчысы Арзымат Матмуратовдон Орусияга учуу шарттары тууралуу маалымат алдык. Тилекке каршы, маалымкаттын Кыргызстанда да жасалып жатканы боюнча жооп берген жок.

«Азыр ар бир жума күндөрү «Аэрофлот» жана «Авиатрафик» компанияларынан Орусияга каттамдар жүрүп жатат. Ошондой эле жума ичинде «основаниеси» барлар үчүн чартердик каттамдар учат. «Основание» — Орусиянын бизге койгон талабы, анткени азыркы пандемияга байланыштуу кошуна өлкөлөр мигранттарды оңой жол менен киргизбей жатышат».

Ал эми Миграция кызматы жана Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги аталган маселеге түшүндүрмө берүүдөн баш тартты.

1 пикир

1 пикир

  1. Секерет

    07.12.2020 09:21

    Эмне учун ушуга окшогон карпуияны бийликтегилер корбой жатабы же алар дакошо акча тап жатышабы

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM