Биз менен байланышыңыз

4-декабрда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 265 | 0

Кыргызгидромет борборунун болжолу боюнча, эртең, 4-декабрда түнкүсүн Чүй, Талас, облустарынын кээ бир райондорунда, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көлдүн кээ бир райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Талас, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын алдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4 … -9, күндүз -4 … +1;

Талас облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз -4 … +1;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн -3 … +2, күндүз 0 … 5;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3 … -8, күндүз -1 … +4;

Нарында түнкүсүн -8 … -13, күндүз -3 … +2 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз кар жаашы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5 … -7, күндүз -1…+1 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM