Биз менен байланышыңыз

Беткап тагуунун жаңы сунуштамасы чыгарылды

Дүйнө , Кыска кабар | 3 Дек 2020 | 813 | 0

Бүткүл дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюму (ДССУ) коронавирус пандемиясы учурундагы беткап тагынуу боюнча сунуштарды жаңылады.

Жугуштуу инфекциянын жайылышы мүмкүн болгон коомдук жайларда, дүкөндөрдө, жумуш орундарда, мектептерде жана социалдык аралыкты жок дегенде бир метрдей сактоого мүмкүн болбогон жерлерде беткап кийүү сунушталат. Мындан тышкары, уюм ар кандай аралыкта, желдетүү жетишсиз жерлерде беткап тагынып жүрүүгө кеңеш берет.

Сунуш чоңдорго жана 12 жаштан жогорку балдарга тиешелүү. Беш жашка чейинки балдардын беткап тагынуусу зарыл эмес, ал эми бала 6 жаштан 11 жашка чейин болсо, анда алардын беткапты туура колдоно билүүсүн, конкреттүү кырдаалды эске алуу менен чечим кабыл алынат.

Клапандуу беткаптар такыр сунушталбайт, себеби алар дем чыгарган абаны тазалап турбайт. Андан сырткары, ДССУ жөтөлүп же чүчкүргөндө чыккан шилекейден сактап кала албагандыктан пластикалык коргогучтары бар бет каптар да колдонууга сунушталбайт. Бирок медициналык же башка материалдан тигилген беткаптарды тагына албагандар болсо, альтернатива катары колдонушса болот. Андай жагдайда, ээкти жана жаактарды жапкан болуусу зарыл.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM