Кыргызстандык белгилүү хирург, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев Гиннес рекорддор китебине киргендиги тууралуу сертификатты алды.
Ал хирург катары эң узак убакыт эмгектенген. Гиннестин китебинде медицина жаатындагы эмгек жолу 67 жыл 181 күн деп белгиленген.
Рейтинг 2020-жылдын 29-февралында жарыяланган.
Медицина илимдеринин доктору, профессор Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылында төрөлгөн. Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган. СССР убагында Жогорку Советтин депутаты, эгемендик жылдарында Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Кыргыз Республикасынын Баатыры наамын 2004-жылы алган.