Биз менен байланышыңыз

3-декабрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 215 | 0

Кыргызгидромет борборунун болжолу боюнча, эртең, 3-декабрда түнкүсүн Ош, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ош, Жалал-Абад, Нарын, Баткен облустарынын айрым райондорунда кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын алдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2 … -7, күндүз -1 … +4;

Талас облусунда түнкүсүн -6 … -11, күндүз -1 … -6;

Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарында түнкүсүн 0 … -5, күндүз 3 … 8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2 … -7, күндүз 0 … 5;

Нарында түнкүсүн -8 … -13, күндүз 0 … 5 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт. Түнкүсүн -5 … -7, күндүз 0 … 2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM