Биз менен байланышыңыз

Бишкектин дагы 40 кесилишине көзөмөл камералары коюлат

Кыска кабар | 2 Дек 2020 | 342 | 0

«Коопсуз шаар» долбоорунун көзөмөл камералары Бишкектин дагы 40 кесилишине коюлат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

Шаарда аппараттык жана программалык тутумдарга тирөөчтөрдү орнотуу боюнча көчмө жыйындар өтүп жатат.

Анда мамлекеттик жана шаардык кызматтардын адистери, «Бишкек башкыархитектура», ошондой эле «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабын ишке ашыруу келишим түзүлгөн компаниянын өкүлдөрү иштешүүдө.

Адистер сунушталган негизги инженердик долбоорго ылайык, агроөнөр жай комплексин орнотуу пландаштырылган 40тан ашык көчө кесилиштерин деталдуу изилдеп жатышат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM